УКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировду издөөгө алды

УКМК казакстандык ишкер Ясынжан Таировду издөөгө алды

Казакстандык ишкер, Ысык-Көлдөгү «Симирам» эс алуу борборунун ээси Таиров Ясынжан Ниязович маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобун каржылаганы үчүн издөөгө алынды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызмат бидиргендей, Таиров Камчы Көлбаев акча опузалоо, рэкет менен алектенерин, ишкерлерден акча чогултуп турарын, оор жана өзгөчө оор кылмыштары үчүн бир нече жолу соттолгондугу жөнүндө билип туруп, Кыргызстанда бирге бизнес жүргүзүү максатында анын колдоосуна ээ болуу үчүн Көлбаев менен байланыш түзгөн. Көлбаевдин кылмыштуу ишин каржылоо максатында 200 миң доллар берген.

Ошондой эле Көлбаевдин тобуна кирген балдардын эс алуусу үчүн «Симирам» борборундагы коттедждерди жана номерлерди берип келген. Салтанаттуу той, майрамдык иш-чараларда Көлбаевге кымбат баалуу белектерди берип турган.

Таиров менен Көлбаевдин жолугушуулары Чолпон-Атадагы Көлбаевге жана анын тааныш-билиштерине таандык болгон «Барс» комлексинин аймагында өткөрүлчү.

Чогултулган материалдар боюнча Бишкектин Октябрь райондук соту Таировду сыртынан камакка алуу чечимин чыгарган. Ошондой эле ал «Интерполдун» Кыргызстандагы бюросу аркылуу мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>