УКМК маркум Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Т.К.И. аттуу активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматында, Т.К.И. уюшкан топтун криминалдык иерархиясында алдыңкылардан болгон. Ал Көлбаевдин тапшырмасы менен опузалап талап-тоноо жана башка өзгөчө оор кылмыштарды аткаргандыгы аныкталган.
Ошондой эле Т.К.И. үстүбүздөгү жылдын январында тинтүү уюштуруп, жарандардан 1 млн. 300 миң сом акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы белгилүү болгон. Мындан тышкары, физикалык коркунуч көрсөтүү менен жеке ишкерге таандык 10 миң доллар акчаны жана баасы 60 миң доллар турган өндүрүш жабдууларын ээлеп алган.
«31-мартта Бишкектеги “Халва” кафесинин жанында бычак менен жасалган кол салууга шектелип, УКМК тарабынан кармалган адамдар да Т.К.И.нин кылмыштуу чөйрөсүнүн мүчөлөрү болгон»,- деп билдирди УКМК.