Мамлекеттин пайдасына турак үй, кымбат унаалар конфискацияланды

Мамлекеттин пайдасына турак үй, кымбат унаалар конфискацияланды

Мамлекеттин пайдасына турак үй, кымбат унаалар конфискацияланды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, айрым кишилер Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызмат адамдары менен сүйлөшүп алып, пайдалуу кендердин лиценциясын тааныш-билиш компаниялары алуусу үчүн мыйзамсыз схема уюштурган.

27-февралда Таластын Айтматов райондук сотунун чечими менен Э.Д. жана М.В. аттуу жарандарынын мүлкү мамлекетке алынган:

  • LEXUS LX570, 2018-ж;
  • TOYOTA LAND CRUISER, 2024-ж;
  • TOYOTA CAMRY, 2020-ж;
  • TESLA MODEL Y, 2023-ж;
  • LEXUS LX600, 2022-ж;
  • BMW X5, 2018-ж;
  • LEXUS LX570, 2019-ж;
  • PORSCHE CAYENNE, 2020-ж;
  • Бишкектеги элиталык турак жай комплекстеринде 4 унаа токтотуучу жай;
  • Бишкектеги элиталык турак жай комплексиндеги турак эмес жайлар;
  • Бишкектеги элиталык турак жай комплекстеринен 4 батир;
  • Бишкектеги «Браво» коттеж шаарчасында (Орто-Сай айылы) жайгашкан 2 турак жай;
  • Бишкектин «Ордо» VIP шаарчасындагы (Орто-Сай айылы) 2 турак жай.
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>