28-октябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтБишкекте мыйзамсыз тургузулган 77 курулуш алындыБаткенде күч органдары жана медкызматкерлер катышкан антитеррордук машыгуу өттүДагы бир талапкер: Азамат Эсенбеков президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү боюнча БШКга арыз бердиКРде бир суткалык электр энергиясын керектөө кышкы көрсөткүчкө жакындады — КУЭТУнаалардын жүргөн жолун өзгөрткөндөргө айып пул салуу боюнча мыйзам долбоору кайра иштеп чыгууга жөнөтүлдү
Ошто Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн 304 гектар жерде өнөр жай аймагы пайда болот
05.03.2025 | 10:09
Ош облусунун Араван районунда өнөр жай аймагы пайда болот. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалым болгондой, өнөр жай аймагы үчүн Керме-Тоо айыл аймагынан 304 гектар жер каралган. Бул жер Ош – Араван жолунун боюнда жайгашып, чек ара такташканда Өзбекстандан Кыргызстанга өткөн.
Учурда аталган аймактын башкы планын даярдоо жана айрым ишканаларды куруу боюнча эскиздер даяр болуп калган.
Өнөр жай жайгаша турган жерди көргөнү барган облус башчысы Элчибек Жантаев инвесторлор үчүн шарт түзүү керектигин билдирип, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмаларды берген.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом