Өзбекстанда кургакчылык менен күрөшүү үчүн Айыл чарба илимдер академиясы түзүлдүБишкекте венгер түркологуна мемориалдык такта орнотулатАлмаз Бакетаев каржы министри кызматынан кетип, Улуттук банктын төрагасы болуп шайландыӨкмөт ата мекендик зергерлер үчүн баалуу металлдарды сатуу тартибин бекиттиМандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелет
УКМК маркум Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун эки мүчөсү кармалганын билдирди
26.05.2025 | 17:04
УКМК маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү иштеринин жүрүшүндө мурда Каракол шаарынын «смотрящийи», Ысык-Көл облусунун «положенеци» болуп иштеп келген «Жеша» каймана аты бар жогоруда аталган топтун мүчөсү Т.Ж.Ж. аттуу жаран кармалган.
Мындан тышкары, Көлбаевди жеке кайтаруучусу болгон М.Н.К. аттуу жаран аталган уюшкан кылмыштуу топтун мыйзамсыз ишине катышкан деген шек менен кармалган.
Тергөөнүн жыйынтыгы боюнча Т.Ж.Ж. жана М.Н.К. Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилишкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар