Нарында УКМК кызматкерлери Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жол чарба башкармалыгынын аймактык бөлүмүнүн башчысын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.
«Т.К.А. өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Нарын дарыясына көпүрө куруу долбоорун ишке ашырууда мамлекетке 17 миллион сомдон ашык суммадагы материалдык зыян келтиргендиги аныкталды», — деп айтылат билдирүүдө.