Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Жогорку сотко чакырылды

Сооронбай Жээнбеков жана анын иниси Жогорку сотко чакырылды

Мурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбеков Жогорку сотко чакыртылды. Бул маалыматты Reporter.kg’ге аталган соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Бир тууган Жээнбековдор Ош облустук ички иштер башкармалыгынын экс-башчысы Абдилат Капаровдун иши боюнча жабырлануучулар экени маалымдалды.

Жогорку Соттун маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын 16-декабрында Жээнбековдорду жабырлануучу катары чакыруу боюнча арыз келип түшкөн жана ал канааттандырылган.

“Жогорку Сот кассациялык инстанциядагы сот болгондуктан, биринчи жана апелляциялык инстанциялардын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген актыларын карайт жана кылмыш ишинин материалдарынын негизинде кассациялык даттанууларды (сунуштамаларды) карайт”, — деп билдирди басма сөз кызматы.

Соттук отурум 2021-жылдын 12-январына коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>