Ош облусунун Кара-Суу районунда 32 га жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматы боюнча, аталган жер үй куруу үчүн трансформация болгон. Ал кылмыштуу кирешелерди адалдоо, уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча козголгон иштин алкагында мамлекетке өткөрүлүп берилген.
Анын баасы 500 млн сомдон ашат.