Кыргызстан менен ЮНИСЕФ өлкөдөгү балдардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш планды бекитишти2026-жылы Кыргызстанда 20 миңден ашык үй-бүлө МИК аркылуу турак жай менен камсыз болотОрто-Токой суу сактагычына 1,2 млн балык чабагы коё берилдиМыйзамсыз курулуп жаткан: Манаста 14 кабаттуу имараттын курулушу токтотулдуКыргызстандын банктарындагы депозиттердин көлөмү 880 млрд сомго жетти — ЕӨБТатарстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык жаран каза болду
УКМК: Раззаков шаарында 31 сотых жер мамлекетке кайтарылды
31.01.2025 | 17:17
Баткендин Раззаков шаарында 31 сотых жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган жер “Додосян көчөсү 77” дарегинде жайгашкан. Мурда ал жерде коомдук мончо иштеп келген. 2000-жылы ал бир ишкер тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Кийин мончо өз багыты боюнча колдонулбай, бара-бара бузулуп, иштетилбей калган.
УКМК жердин азыркы ээси аны өз ыктыяры менен Раззаков шаарынын мэриясына кайтарганын билдирди.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом