Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун абалы канааттандыраарлык. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, Исаков азыркүнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат.
Белгилей кетсек, Сапар Исаков 16-авгсуст күнү абалы кескин начарлап ооруканага жеткирилген. Ал Бишкек ЖЭБине байланыштуу козголгон кылмыш ишке байланыштуу өткөн жылдын июнь айынан бери УКМКнан убактылуу кармоо жайында кармалып келет.