Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замир Тургунбаевди кармады.
Ал АРИСке катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кечээ, 6-январда колго түшкөн.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Киров айылындагы орто мектептин курулушу учурунда, жалпы суммасы 24 миллион сомдон ашык 720 орунга аткарылган жумуштун көлөмү ашыкча бааланган. Ошондой эле, Тургунбаев айрым жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз курулган мектепти пайдаланууга берген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК 18-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районунун Савайжана Сарай айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын турак жайларында соттун санкциясы менен тинтүү жүргүзүлгөнүн билдирди. Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүү учурунда курал табылып, ал экспертизага жөнөтүлдү. Ушундан кийин Замирбек Тургунбаев УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылган видеотасманы жаздырды. Ал апасына жана уулуна тийбөөнү, «Альфа» (УКМКнын атайын отрядын) атайын даярдыктагы аскерлерин токтотууну суранган.