УКМК: Соттолгон Даниэл Ажиевдин жубайына батир жана унаа берилди

19.08.2025 | 14:24

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМК Төрагасы К.К.Ташиев Даниэл Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиеваны кабыл алды.

УКМКнын маалыматына ылайык, Ажиева мурдараак, 29-июлда, мамлекет тарабынан конфискацияланган турак-жайлардын бирин жашоо үчүн өткөрүп берүү өтүнүчү менен Президентке кайрылган. Турмуштук оор кырдаалы жана оор дартка чалдыккан баласы эске алынып, ага батир жана жаңы автоунаа берилди.

Белгилей кетсек, Даниэл Ажиев Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун токтому менен мыйзамсыз каражаттарды легалдаштыруу максатында уюшулган уюкан кылмыштуу топко тиешеси үчүн мүлктөрүнө камак салынып, андан ары мамлекеттин балансына конфискацияланган.

Эскерте кетсек, Даниэл Ажиев веб-кам студия уюштурганы үчүн 9 жылга эркинен ажыратылып, 262 миллион сомдук мүлкү конфискацияланган.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top