УКМК: Талас медициналык коллежинде кызматкер 14 жыл жумушка келбей, айлык алып турган

10.04.2026 | 10:06

Талас медициналык коллежинде жасалма түрдө жумушка орноштуруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2012-жылдан 2026-жылдын мартына чейин Талас шаарынын тургуну П.Е.Т. Талас медициналык коллежинде расмий түрдө кызматкер катары катталып турган. Бирок ал жумушка орношкон учурдан тартып өзүнүн эмгек милдеттерин аткарган эмес. Бул убакыт аралыгында жумуш убактысын эсепке алуунун жасалма табелдеринин негизинде ага эмгек акы чегерилип турган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ишенип берилген мүлктү өзүнө сиңирип алуу же ысырап кылуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Финансы министрлигине караштуу Ички аудит кызматынын текшерүүсүнүн жыйынтыгында, мамлекетке 1 миллион 492 миң 335 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган. Учурда иштин жагдайларын аныктоо боюнча тергөө иштени улантылууда.

Scroll to Top