УКМК тапшырма бергенби? Талас облусунун тургуну интернетке жазган билдирүүсү үчүн сурак берди

УКМК тапшырма бергенби? Талас облусунун тургуну интернетке жазган билдирүүсү үчүн сурак берди

Талас облусунун тургуну Чынарбек Шабдан уулу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазганы үчүн облустук милициянын кызматкерлери үйүнө чейин издеп барды. Бул тууралуу “Репортерго” Шабдан уулу өзү билдирди.

Анын айтымында, бүгүн,1-май күнү ага милиция кызматкерлери  телефон чалып, милици бөлүмүнө келишин айткан. Бирок ал баш тарткан соң аз убакыт өтпөй тартип сакчылары анын үйүнө өздөрү барган.

“Менин жашаган дарегимди кайдан табышканын билбейм. Мени менен Талас облустук милициясынын жетекчиси Алмазбек Жумабеков маектешип, мындан ары абайлап жүрүшүмдү эскертти”, — деди Шабдан уулу.

Ал эми идеодо өзүн милициянын капитаны Кубат Самидинов деп тааныштырган адам УКМКнын тапшырмасынын негизинде келгенин айтат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>