Израилде терроризм үчүн өлүм жазасын киргизүү боюнча мыйзам кабыл алындыСөөктү дарыяга ыргытып жиберген: Нарында 12 жылдан кийин киши өлтүрүү кылмышынын бети ачылдыБивол Екатеринбургда Айфертке каршы титулдук беттеш өткөрөтБишкекте «Energy Expo Kyrgyzstan — ШКУ 2026» эл аралык көргөзмөсү өтөтШКУ эксперттери Бишкекте аскердик кызматташтыкты чыңдоо маселесин талкуулаштыМөңгүлөрдүн азайышы Борбордук Азия чөлкөмүн аялуу кылат – эксперттин пикири
УКМК төрагасынын үч орун басары кызматынан алынды
10.02.2026 | 17:54

Өлко башчы Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын 3 орун басары кызматтарынан бошотулушту.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында:
- Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан;
- Элизар Сманов УКМК төрагасынын орун басары кызматынан;
- Курванбек Авазов УКМК төрагасынын биринчи орун басары кызматынан бошотулушту.
Эске салсак, бүгүн, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Жумгалбек Шабданбеков дайындалып, анын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат