УКМК Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

УКМК Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармап, алар менен профилактикалык иш-чараларды өткөрдү.  Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле, уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жаткан тинтүү учурунда курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынган.

Материалдык далилдер экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт.

Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылып жатканы айтылат.
УКМК бүгүн эле Ошто кылмыштуу топтун 23 мүчөсү кармалганын кабарлаган.
[su_image_carousel source=»media: 46835,46839,46838,46837,46834″ crop=»none» autoplay=»4″]

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>