УКМК жана Аскердик прокуратура №2028 аскер бөлүгүн текшерүүдө

УКМК жана Аскердик прокуратура №2028 аскер бөлүгүн текшерүүдө

Социалдык тармактарда №2028 аскер бөлүгүнүн санитардык нускоочусу кенже сержант Ж.Асанакунованын видеокайрылуусунда айтылган маалыматы боюнча буга чейин да УКМК Чек ара кызматынын жетекчилиги, ошондой эле көзөмөлдөө жана компетенттүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгүн Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдайт.

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө кенже сержант Ж.Асанакунова “прапорщик” аскердик наамы ыйгарылышы менен дарыкана башчысы кызмат ордуна  дайындалууга кызыктар болгондугу аныкталган. Бирок жагдайды эске алуу менен (“дарыкана башчысы” кызмат ордундагы аскер кызматчы ден соолугуна таасир тийгизиши мүмкүн  болгон  бийик тоолуу аймактарда жайгашкан аскер тарамдарга ар дайым чыгып туруусу шарт, ал эми Ж.Асанакунова өзү жалгыз жашы жетиле элек үч баланы тарбиялайт) Ж.Асанакунованы бул кызматка дайындоо мүмкүн эместиги анын өзүнө жеткирилген.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында  №2028  аскер бөлүгүнө “өлүк малдын” эти жана башка сапатсыз азык-түлүктөр алынып келет деген маалымат тастыкталган эмес.

“№2028 аскер бөлүгүнө азык-түлүктөрдүн сатып алынышы боюнча маалымдасак, бардыгы “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын чегинде   сынактык соодалашуу (тендер) аркылуу сатып алынган. Тез бузулуучу азык-түлүктөрдү сатып алуу (эт, май, колбаса, сыр, жумуртка) жергиликтүү камсыздоочулар арасынан тандоо менен жүргөн. Сатып алынган азык-түлүк алынып келгенде комиссия курамы тарабынан сапаты жана жарактуу мөөнөтүү текшерилет. Аскер кызматчылары үчүн даярдалган тамак-аштын сапаты ар күн сайын көзөмөлгө алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Иликтөөлөрдүн учурунда мөөнөттүү кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары менен маектешүүлөр  жүрүп, денелери кароого алынып жана анонимдүү сурамжылоолор жүргүзүлүп, алардын жыйынтыгында уставга туура келбеген мамилелер жана аскер кызматчылары алган жаракаттардын жашырылган фактылары болгондугу аныкталган эмес.

Объективдүү иликтөөлөр жүргүзүлүшү үчүн 2024-жылдын 3-февралында кенже сержант Ж.Асанакунова Чек ара кызматынын жетекчилиги менен маектешүүгө чакырылган. Учурда №2028 аскер бөлүгүндө кайрадан УКМК жана Аскердик прокуратура тарабынан текшерүүлөр жүргүзүлүүдө, алардын жыйынтыктары тууралуу кийинчерээк кошумча маалымдалат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>