УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталды

16.02.2026 | 11:44

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Reporter.kg редакциясына тастыктады.

Мекеменин маалыматында, Жакыпбеков Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган жана учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Жакыпбековго кайсыл иш боюнча айып тагылып жатканы тууралуу маалымат берилген жок.

Эльдар Жакыпбеков 2025-жылдын декабрында УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалган. Жакында эле бир катар ЖМКлар Элдар Жакыпбеков кызматтан алынганын жазып чыгышкан.

Анын кызматтан алынышы УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиевдин иштен алынышы жана анын орун басарларынын кызматтарынан бошотулушунан кийин болду.

Scroll to Top