УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиев Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды

17.02.2026 | 12:01

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын аймагынан убактылуу чыгып кетти. Саясатчынын өлкөдөн кеткени тууралуу маалыматты анын тарапташы, «Регион» телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов билдирди.

Анын айтымында, бул сапар убактылуу гана. Ошол эле учурда сапардын так максаты, кайсы өлкөгө барганы жана саясатчынын мекенине качан кайтып келери тууралуу маалымат азырынча айтыла элек.

Учурда расмий мамлекеттик органдар атайын кызматтын мурдагы башчысынын чет өлкөгө чыгып кетиши боюнча комментарий бере элек.

Эске салсак, 10-февралда президент Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматтарынан бошоткон. Анын эртеси Ташиев билдирүү жасап, иштен алынып жатканда Германияда дарыланып жүргөнүн, бул жаңылык ал үчүн “күтүүсүз” болгонун айткан.

Андан кийин Садыр Жапаров маек берип, Камчыбек Ташиевдин кызматынан алуу чечимин өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана саясий бөлүнүүнүн алдын алуу зарылдыгы менен түшүндүргөн.

Scroll to Top