УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын жетекчилигинин атын жамынып, алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү катары И. Хамракулов аттуу жаран кармалган. Ал атайын кызматтан облустагы башкармалыгынын жетекчилиги менен тааныш-билиштиги бар экенин айтып, укук коргоо органдары же сот тарабынан каралган кылмыш иштерин акчага чечип берүүнү убалап жүргөн.
2024-жылы октябрда УКМК кызматерлери Кара-Көл шаарынын мэриясына караштуу жерди мыйзамсыз жеке менчикке чыгарып кетүү иши боюнча Д.Н. аттуу жаранды кармаган. Абалдан пайдаланып И. Хамракулов шектүүнү (Д.Н.) камактан чыгаруу жана кылмыш ишти токтотуу үчүн деп анын туугандарынан 15 миң доллар алган. Бирок акчаны өзү кымырып алган. Ал эми шектүү Д.Н. келтирилген зыянды төлөп, анын иши сотко жөнөтүлгөн.
Ошондой эле ноябрда И. Хамракулов 4 жылга абакка кесилген жарандын (А.Я.) туугандарына барып, жанагы тааныш-билиштиги тууралуу айтып, сот берген жазаны өзгөртүү үчүн 1 млн 287 миң сом алган.
УКМК И. Хамракулов камак алынганын, ага алданган жарандар болсо, 03722-5-49-61 же 0995 012 210 (WhatsApp) ишеним номерлерине кайрылса болорун билдирди.