Кыргызстанда үч жашка чейинки балдарга 1200 сомдон жөлөк пул бериле баштайт. Президент кол койдуКорея Ош шаарынын таза суу системасын жаңылоого 10 млн доллар грант беретСадыр Жапаров абактан чыккан Даниэль Ажиевди алып бара жаткан тик учакты кайтарууну буйруду6-мартка карата аба ырайыКыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйт
Укук коргоо кызматкерлерине кызматтык үйлөрүн менчиктештирүүгө шарт түзүлдү
13.03.2025 | 11:12
Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мамлекеттик турак жайды менчиктештирүүгө мүмкүнчүлүк берген мыйзам долбоор 3-окууда кабыл алынды.
Ага ылайык, укук коргоо органдарында 20 жыл жана андан ашык убакыт иштеген кызматкерлер аларга берилген кызматтык батирлерди мамлекеттен түз сатып алуу аркылуу менчиктештире алышат.
Мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек Самаков жана Элдар Сулайманов демилгелеген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом