КМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видеоКыргызстандын жаштары атом тармагын өнүктүрүүнүн жол картасын түзүштүАраван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталды
“Кыргызфармация” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
13.03.2025 | 11:54
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасына жетекчи болуп Талант Султанов дайындалды. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев тааныштырган.
47 жаштагы Талант Султанов эл аралык мамилелер боюнча Сан-Франциско университетинде, эл аралык каржы боюнча Колумбия университетинде билим алып, Гарвардда окуган.
Ал буга чейин Кыргызстандын санариптешүүсү боюнча иш жүргүзгөн “Таза Коом” жумушчу тобунун координатору болуп иштеген. Стратегиялык изилдөө институтун да жетектеген. Ошондой эле 2017-жылы мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом