Укук коргоочу Бүбүсара Рыскуловага БУУнун «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» сыйлыгы тапшырылды

«Сезим» кризистик борборунун негиздөөчүсү Бүбүсара Рыскуловага аялдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо ишине көп жылдык эмгек сиңиргени үчүн «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» аттуу эстелик белгиси тапшырылды.
Эмгек министрлигинин маалыматында, аны сыйлоо аземи Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алкагында өттү.
Бүбүсара Рыскулова Кыргызстандагы биринчи кризистик борборду жана аялдар үчүн баш калкалоочу жайды негиздеген. Аталган жай 30 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатат. Рыскулованын коомдук ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өлкөдө кризистик борборлордун тармагы түзүлгөн.
Иш-чарага БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын жетекчилиги, улуттук делегациялардын башчылары, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрү жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү катышты.
БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы гендердик теңчилик жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулоого багытталган.