Улан Үсөйүн: Бул менин өлкөм ошого ар бир ызы-чууда жүрөм

Улан Үсөйүн: Бул менин өлкөм ошого ар бир ызы-чууда жүрөм

Активист Улан Үсөйүн аны дайым ызы-чууда жүрөт деп жаман көргөндөргө жооп кайтарды.

Ал кайрылуусунда Кыргызстан анын мекени экенин, андыктан ар бир кыргызстандыктын жашоосу жакшырмайын, ар биринин укугу толук корголмоюн митингдерге чыгып, ызы-чууда жүрө берерин жазган.

“Ар бир ызы чууда, митингте жүрөсүң деп жаман көрүшөт.

Ооба, мыйзамсыздык, адилетсиздик, акыйкатсыздык болгон жердин баарында жүрөм.

Мен ар бир маселеге кайдыгер эмесмин! Ар бир көйгөйдү жүрөгүм менен кабыл алам.

Оюмду билдирем.

Ар бир көйгөй, ар бир адамдын укугунун бузулушу менин көйгөйүм, менин укугумдун бузулушу.

Бул жер менин өлкөм, менин мекеним, менин элим.

Демек, Ар бирөөнүн жашоосу жакшырбайын, укуктары корголбойун, коопсуз, өнүккөн өлкөдө жашамайын чыга берем, айта берем, болгон аракетимди жумшай берем.

Баарыбызга аманчылык!”, — деп кайрылуу жасады активист.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>