Бишкекте 2,7 миң милиционер, 1 миң кошуун коомдук тартипти карайт

Бишкекте 2,7 миң милиционер, 1 миң кошуун коомдук тартипти карайт

Бишкекте ички иштер органдарынын бөлүктөрүнүн гарнизондук саптык кароосу өткөрүлдү.

ИИМден билдиришкендей, саптык кароого 2 миң 700 милиция кызматкери жана 1 миң элдик кошуундун мүчөлөрү катышты.

Ал комплекстүү профилактикалык иш-чараларды уюштуруу, ошондой эле коомдук тартипти жана шаардыктардын жана борбордун конокторунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлдү.

Саптык кароодо коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, укук бузуучуларды аныктоо жана коомдук тартипти туруксуздаштыруу аракеттерине катуу бөгөт коюу милдеттери коюлду.

ИИМ борбор калаанын тургундарын жана конокторун мыйзамдардын жана кызмат өтөгөн ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жана элдик кошуундун мүчөлөрүнүн талаптарын сактоону өтүнөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>