Бишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдөКытай менен чек арадагы өткөрүү пункттары 4-апрелден тарта ишин убактылуу токтототБишкекте «Жеңиш 9/45» кыймылынын эгидасы астында «Кинопанорама» кинофоруму башталды
Улукбек Марипов инисин Ноокаттын акимдигинен алды
04.02.2021 | 15:14
Премьер-министр Улукбек Марипов иниси Бакытбек Мариповду Ноокаттын акимдигинен алды. Бул туралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улукбек Марипов Премьер-министр катары алгачкы буйругу менен иниси Марипов Бакытбек Асамидиновичти Ош облусунун Ноокат районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими кызматынан бошоткон.
Бул чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктуна ылайык, кызыкчылыктардын кагылышын жокко чыгаруу максатында кабыл алынган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат