Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов мектептин жаңы корпусунун курулушуна капсула салып кетти. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жарыялады.
Маалыматка ылайык, Марипов Ноокат районундагы А.Парпиев мектеп-гимназиясынын жаңы корпусунун курулушуна капсула салган.
Белгилей кетсек, министрлер кабинетинин төрагасы ишембиден бери Ноокат районунда жүрөт.