Кытай жана Өзбекстан менен түзүлгөн келишимден улам айдоочулар жумушсуз калышы мүмкүнАдылбек Касымалиев Euronews башчысы менен жолугушту — эмнелер талкууландыАктивист «Кыргызнефтегаз» ишинде аты аталган компаниялардын миллиондогон кирешелери тууралуу айтып бердиЖогорку Кеңеште Бишкек мэриясынан ысык сууну өчүрүүнү жылдырууну сураныштыКазакстан жана Кыргызстан социалдык чөйрөдө санариптик чечимдерди алмашууну макулдаштыИРСК Жакынкы Чыгыштагы АКШнын IT-активдерине сокку уруу менен коркутту
Улукбек Султанов Башкы прокурордун биринчи орун басары болду
17.01.2023 | 11:38
Улукбек Султанов Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
“Президент Садыр Жапаров кол койгон Тескемеге ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Султанов Улукбек Ташболотович Башкы прокурордун биринчи орун басары болуп дайындалды”, – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин Президенттин администрациясы прокуратура органдарынын бир катар жетекчилерин бошотуу жөнүндө сунуш киргизгени маалымдалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом