Депутат: Коопсуздук кеңешинин ишин текшериш керек

Депутат: Коопсуздук кеңешинин ишин текшериш керек

Коопсуздук кеңешинин ишин текшериш керек. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, президенттин администрациясы буга чейин алар иштеп чыгып, үч окуудан өткөн мыйзамды кайра артка кайтарган. Ага Коопсуздук кеңешинин каршы чыкканы себеп болгон.

«Бизди (Министрлер кабинети — ред.) атаандаш көрүп жатабы? Менин бир мыйзамым бар эле. Аны президентке кирип, сүйлөшүп, макулдашып чыкканбыз. Үч окуудан өткөрүп, киргизсек, ага вето коюптур. Мен буга түшүнбөй жатам. Корутундусуна Коопсуздук кеңеши каршы чыгып жатат деп жазыптыр. Коопсуздук кеңешинин буга чейин кылган ишин текшериш керек. Коргоо министрлиги, күч түзүмдөр блогу макул болгон (мыйзам долбооруна – ред.) булар каршы болуп жатат. Атайын кылып жатабы, түшүнбөйм», — деди ал.

Андан кийин ал Министрлер кабинетинен келген мыйзамдарга каршы добуш берип, өткөрбөй коюуну сунуштады.

«Муну (Жогорку Кеңеште – ред.) палатада да айтам. Мыйзамдарын өткөрбөш керек. Биз менен эсептешсин», — деди ал.

Эскерте кетсек, Нурбек Сыдыгалиев аскердеги офицерлердин пенсияга чыгуу курагын 2 жылга көтөрүүнү сунуштаган (капитан наамына чейинки офицерлердикин 43төн 45 жашка, майор жана подполковниктердин 48ден 50 жашка).

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>