Айдоочулук күбөлүк алып берем деп, алдап кеткен. Бишкекте шектүү жаран кармалды«Ош ТВ» муниципалдык мекемесинин директору алмаштыУКМК: Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун лидери кармалдыКытайдын элчиси кыргыз-кытай кызматташуусунун «алтын доору» башталганын билдирдиКыргызстанда порнографиялык контентти камтыган сайттарды бөгөттөө тартиби бекитилдиКыргызстан авиациялык эрежелерди ИКАОнун ченемдерине шайкеш келтирүүдө
Улуттук банк 28-апрелге карата валюталар курсун жарыялады
27.04.2022 | 17:55
Кыргызстандын Улуттук банкы 28-апрелге карата чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат борбордук банктын сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматтарга караганда, сом өнөктөш өлкөлөрдүн негизги валюталарына карата бекемделди. Баарынан да теңгеге карата 1,22%га же 0,1855 сомго бекемделген, ал эми евро 0,94%га төмөндөп, бир евро 89,0939 сомду түздү.
АКШ долларына карата 0,08%га жогорулап, бир доллар 84,1302 сомду түздү. Орус рубли сомго карата 0,61%га төмөндөп, рубль 1,1242 сомго бааланды.
Белгилей кетсек, кечээ бир доллар 84,1975 сомду, евро 89,9398 сомду, рубль 1,1311 сомду жана теңге 0,1878 сомду түзүп жаткан.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика