Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» иши боюнча камалды

Улуттук банктын мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Reporter.kg редакциясына өздүк булактар кабарлады.
Мекеменин маалыматында, кечээ, 25-мартта, Тургунбаев «Кыргызнефтегаз» ишканасындагы коррупцияга байланыштуу иликтөөнүн алкагында күбө катары суракка чакырылган. Бирок тергөө амалдарынан кийин ал кармалган.
Тургунбаев буга чейин «Кыргызнефтегазда» башкармалыктын төрагасы жана директорлор кеңешинин башчысы сыяктуу негизги кызматтарды аркалаган.
Кийинчерээк ал мамлекеттик кызматка өтүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигин жетектеген, андан соң Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы болуп иштеген.
Белгилей кетсек, 18-мартта Мелис Тургунбаев Улуттук банктын төрагасы кызматынан өз каалоосу менен кетүү боюнча арыз жазып, кызматтан кеткен.
Эске салсак, буга чейин Ички иштер министрлиги «Кыргызнефтегаз» ААКынын кызмат адамдарына карата «Коррупция» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген. Анын алкагында төрт киши кармалган.
ИИМдин маалыматында, кылмыш ишинин козголушуна Мамлекеттик салык кызматы тарабынан даярдалган «Өз адамдар үчүн мунай: Кыргызнефтегазды кантип курутушту» аттуу иликтөөдөгү маалыматтар негиз болгон.