Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук Банктын төрагалыгына Кубанычбек Бөкөнтаевдин талапкерлиги каралып жатат.
Кубанычбек Бөкөнтаевди Президент Садыр Жапаров сунуштаган.
Бул мекеменин төрагасы Толкунбек Абдыгулов өз арызы менен кеткен.
Кубанычбек Бөкөнтаев 1969-жылы 18-январда Ысык-Көл облусунда туулган. Анын Улуттук банкка төрага болушу күтүлүүдө.
- 1992 — Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин аяктаган.
- 1992 — Кыргызстандын коммерциялык банктарында экономисттен тарта директорлор кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучуга чейин жеткен;
- 2003 — «Экономика. Банки. Бизнес» гезитинин башкы редактору, башкы директор;
- 2006 — 2010 — президент Курманбек Бакиевдин буйругу менен Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп дайындалган;
- Мындан тышкары, ал Кыргызстандын депозиттерди коргоо агенттигинин директорлор кеңешинин мурдагы төрагасы болгон.