Улуттук банктын төрагасынын орун басары алмашты. Кызматка Медет Таиров дайындалды

20.01.2026 | 17:33

Бектур Алиев Улуттук банктын төрагасынын орун басары кызматынан өз арызынын негизинде бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анын ордуна Улуттук банктын төрагасынын орун басары болуп Медет Таиров дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

38 жаштагы Медет Таиров Кыргыз-Орус Славян университетинин Эл аралык мамилелер факультетинде экономика жаатында билим алган.

Эмгек жолун 2011-жылы «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкында» (KICB) филиалдарды ачуу жана колдоо адиси катары баштап, аталган банкта бизнести өнүктүрүү башкармалыгынын башчылыгына чейин жеткен. 2016-жылы «Айыл Банктын» бизнести өнүктүрүү башкармалыгын жетектеп, андан соң Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясында (IFC) консультант болуп иштеген.

2018-жылдан 2023-жылга чейин «Азия Банкынын» Башкармалыгынын мүчөсү болгон. 2023-жылдын мартынан бери «Элдик Банк» ААКтын башкармасынын төрагасынын орун басары кызматында иштеп келген.

Scroll to Top