ЖККУ Ирандагы кырдаалга байланыштуу Борбор Азиядагы энергетикалык объектилерди коргоону күчөтүүгө чакырдыЧүй облустук театры Талас шаарына гастроль менен баратСадыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлат
2025-жылы Бишкек жана Чүй облусун газга кошууга 19 млн сомдон ашык каражат жумшалган
20.01.2026 | 17:15
Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, «Жеңилдетилген каржылоо-3» программасынын алкагында 2025-жылы Бишкек жана Чүй облусун газдаштыруу үчүн 19,17 млн сомдук жеңилдетилген насыя бөлүнгөн. Аны республиканын 154 субъектиси алган. Демилге Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 28-апрелиндеги тескемеси менен бекитилген.
Каржылоонун операторлору болуп «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» саналат. Программанын жалпы лимити 200 млн сомду түзөт; каражаттар түйүндөргө кошулууга жана инфраструктуралык долбоорлорго жумшалат. Максат — энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу жана аймактагы жашоо сапатын жакшыртуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом