Өзбекстанда аял 30 жыл бою СССРдин паспорту менен жашаганЫсык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталды
Улуттук маданий борборго жаңы жетекчи дайындалды
09.04.2025 | 10:12
Азамат Абдилашим уулу Маданият министрлигине караштуу Улуттук маданий борбордун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.
Жаңы жетекчини эмгек жамаатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев тааныштырган.
32 жаштагы Азамат Абдилашим уулу Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Маалыматтык жана инновациялык технологиялар факультетин аяктаган. Ал буга чейин Улуттук маданий борбордун бөлүм башчысы болуп эмгектенип келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом