Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Улуу  Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон берилет

Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык жардам көрсөтүү боюнча тескемеге кол койду.

Чечим Жеңиштин 80 жылдыгына карата кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 1-апрелине карата Кыргызстанда 32 ардагер бар. Жардам майыптарга, согуштун катышуучуларына жана блокадалык Ленинграддын тургундарына көрсөтүлөт. Жалпы 3 миллион 232 миң сом президенттин фондунан бөлүнөт.

− Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына;

− Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына;

− Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде нацисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын жашы жете элек туткундары болгон адамдарга;

− 1941-жылдын 8-сентябрынан тартып 1944-жылдын 27-январына чейинки блокада мезгилинде Ленинград шаарындагы ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштеген, “За оборону Ленинграда” медалы менен сыйланган адамдар жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйланган адамдарга.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>