Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
Улуу Британияда улуттук аза күтүү жарыяланды, ал 10 күнгө уланат
09.09.2022 | 09:02
Британиянын ханышасы Елизавета II каза болгондугуна байланыштуу улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу Sky News кабарлады.
Буга чейин Букингем сарайы өлкөнү 70 жылдан ашык башкарган Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II 96 жашында Шотландияда каза болгонун билдирген.
“Улуттук аза күтүү мезгили башталды жана ханышанын өлүмүнөн 10 күндөн кийин өткөрүлүшү күтүлүп жаткан акыркы сапарга узатуу зыйнатына чейин уланат”, — деп айтылат телеканалдын билдирүүсүндө.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар