Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу көркөм тасма тартылат

Кыргызстанда алгачкы жолу улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу көркөм тасма тартылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, тасманы жаш кыргыз режиссёру жана оператор-коюучу Каныбек Калматов тартат. Ал Чыңгыз Айтматовдун өмүр баянын экрандаштырууга эксклюзивдүү укук алган. Тиешелүү келишим жазуучунун уулу Эльдар Айтматов менен түзүлгөн. Бул документ тасманы тартууга даярдануудагы маанилүү юридикалык жана моралдык кадам болуп саналат.
“Жаңы тасма бала чагынан тартып дүйнөлүк аренага таанылганга чейинки Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү негизги баскычтарды камтыган толук метраждуу биографиялык драма болот. Тасма чыныгы окуяларга негизделип, көркөм көрүнүштөргө жана эмоцияга бай байопик жанрында тартылат”,- деп билдирди министрлик.
Сюжеттин борборунда жазуучунун угуу укугу, идея үчүн, улуттук өзгөчөлүк үчүн күрөшү камтылат. Фильм Айтматовдун өмүр жана чыгармачылык жолун баяндап тим болбостон, кыргызстандыктардын жаңы муунун өз кыялдарына ишенип, аларды ишке ашырууга шыктандырууга багытталат. Тасманын бет ачары 2026-жылга пландалууда.
Жаш режиссер Каныбек Калматов Москвадагы ВГИКтин кинематография факультетинин бүтүрүүчүсү. Ал «Бейиш эненин таманында» тасмасынын башкы оператору болгон.