Уран казууга белсенген компаниялардын саны 11ге жетти. Кожоюндары кимдер

Уран казууга белсенген компаниялардын саны 11ге жетти. Кожоюндары кимдер

Юстиция министрлигинин базасындагы уран жана торий казып алуучу компаниялардын саны 11ге жетти. Акыркысы “Алатоо-Минерал Ресурс” 20-июнда катталды.

Reporter.kg’ге  алар тууралуу маалымат сунуштайт.

1. “Алатоо-Минерал Ресурс” компаниясынын негиздөөчүлөрү — Улан Орозов жана Юрий Шевченко. Компания Сухолинова-63 дарегинде жайгашкан.

2. «МАТЭ» компаниясынын кожоюну катары Марс Токтоназаров көрсөтүлгөн. Юстиция министрлигинин маалыматына таянсак, компаниянын кеңсеси Бишкектин Абдымомунов -195 дарегинде турат. Бул даректе “Кыргызалтын” компаниясы жайгашкан. Уран казып алуу боюнча эксперт катары маек берип жүргөн Марс Токтоназаров өзү дагы аталган мамлекеттик ишканада иштейт.

Бирок “Кыргызалтын” Reporter.kg’нин эмне үчүн компания ишкананын дарегине катталганы жана Марс Токтоназаровдун ишмердиги боюнча суроолоруна жооп берген жок.

Ал 2020-жылы референдум учурунда президенттик башкарууну колдогон топ түзүп, аны жетектегени маалым.

3. “Женназтем” жабык акционердик коомунун негиздөөчүсү Талантбек Тажибаев ишканасын 2018-жылы кайра каттаган.

4. «Асель и К» ишканасынын башчысы — Людмила Кравченко (2003-жыл).

5. Shun Tai компаниясын Си Чжэньфэн аттуу адам жетектейт.

6. «ПиЭс Майнинг» жана (7)«ПиЭс Майнинг Плюс» Элзат Жакебаевага таандык.  Ага балуу металлдарды казып алуу боюнча «АНДЕРОБ МАЙНИНГ» ишканасы дагы тийиштүү.

8. «Ураниум Кейжи Тоо Компаниясы» 2018-жылы Виктор Гребанюкка жазылган.

9. Бул тармакта иш алып барган дагы бир компания «Ю-Кей Джи холдингди» 2020-жылы Александр Гребенюк ачат.

10. «КыргызАтомПром» жабык акционердик коому Нургалы Асаналиевге таандык.

Бул киши “Манас” айылындагы чырга байланыштуу көпчүлүккө таанымал болду. Анда ал президенттик администрациянын жаңы имаратынын инвестору катары көрсөтүлгөн.

11.«Караван трансфер» жоопкерчилиги чектелген коому Су-чжа-ин Халид Жумашовичке жазылган.

Белгилей кетсек, Министрлер кабинети өлкөнүн аймагындагы уран жана торийди бир гана мамлекеттик ишкана казып аларын айткан.

«Бир да пансионат бош калбайт». Жапаров уран казуунун туризмге таасирин айтты

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>