Үйдүн жанында токтоп турган унааны айдап качкан. 21 жаштагы шектүү кармалды

18.12.2025 | 11:14

Чүйдүн Жайыл районунда 21 жаштагы жаран унаа айдап качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 15-декабрда милиция бөлүмүнө жаран арыз менен кайрылып, анда белгисиз адам ошол эле күнү Калинин айылындагы үйүнүн жанында токтоп турган Мazda 121 үлгүсүндөгү автоунаасын айдап кеткенин билдирген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери Кара-Балта шаарынын Сосновка бурулушунда аталган автоунааны аныктап, аны башкарып бара жаткан 21 жаштагы А.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөө учурунда шектүү аталган айылда жасалган эки уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган. Тергөө иштери улантылууда.

Scroll to Top