Бишкекте UmutDoc фестивалы өтүүдө: 30дан ашык тасма жана чеберчилик сабактарыЭгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналып, республикалык айтыш болуп өттүБишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирди
«Айыл Банк» Бишкектин борборундагы «Кыргызтелекомдун» имаратынын бир бөлүгүн сатып алды
18.12.2025 | 11:03
«Кыргызтелеком» ААКсы Кыргыз фонд биржасына «Айыл Банк» ААКсы менен кыймылсыз мүлк боюнча ири бүтүм түзгөнүн расмий кабарлады.

Келишимдин предмети болуп улуттук байланыш операторуна таандык административдик имараттын бир бөлүгү саналды. Объект борбор калаанын так ортосунда, Чүй проспектиси, 96 дарегинде (Ала-Тоо аянтындагы «Кыргызтелекомдун» белгилүү имараты) жайгашкан.
Бүтүмгө 2025-жылдын 30-сентябрында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы негиз болду. Документтерди тариздөө жараяны эки этапта өттү:
- 2025-жылдын 28-ноябрында негизги келишимге кол коюлган.
- 2025-жылдын 1-декабрында тараптар сатуу-сатып алуу келишимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө кошумча макулдашуу түзүшкөн.
Документтердин мазмуну кеп ижара тууралуу эмес, мүлктү ээлектен ажыратуу, тагыраагы, жайларды банкка сатуу жөнүндө болуп жатканын тастыктайт. Ачыкталган маалыматта өткөрүлүп берилген кыймылсыз мүлктүн аянты жана бүтүмдүн суммасы такталган эмес.