Парламентте мектеп окуучуларына «смарт-кэжуал» стилинде кийинүүгө уруксат берүү сунушталдыКазакстан тарыхындагы эң дымактуу дипломатиялык ишин баштадыСоциалдык тармактарда УКМКга карата айтылган сын-пикирлерге видеожооп пайда болдуБишкекте дайынсыз жоголуп жаткан 8 өспүрүмдүн төртөө табылдыТүркиялык инвестордун акчасын ээлеп алган. Таласта милиция кызматкери кармалдыЖазгы каникул узартылды: окуучулар 7 күн эс алышат
“Үйгө алып барып, балаңызга бериңиз”. Ош мэри мектепте окуучуларга катыган токоч берилип жатканын сынга алды
28.01.2026 | 17:54

Бүгүн, 28-январда, Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев “Жетиген” мектебине барып, окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Рейд учурунда шаар мэри мектептин ашканасында окуучулар үчүн даярдалган тамак-аштын сапатсыз экенин көрүп, нааразычылыгын билдирди.
Ал балдарга берилген май токоч (булочка) катуу экенин, айрымдары күйүк, ал эми кээ биринин ичи чийки экенин айтты. Ал мектеп директоруна жана жетекчилерге токочторду үйүнө алып кетүүнү буйруду.
“Кантип жейт муну балдар? Эртең ашказаны ооруйт. Бул жөн эле камыр экен. Үйгө алып барып балдарыңызга берип көрүңүзчү, жейби-жебейби?”- деп катуу сындады шаар мэри.
Андан кийин эртеси күнү эртең менен кайрадан текшерүүгө келерин, балдарга сапаттуу тамак-аш даярдап коюуну тапшырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом