Валюта рыногунда бир доллар 79.5 сом деңгээлинде сакталууда

Валюта рыногунда бир доллар 79.5 сом деңгээлинде сакталууда

22-июнда өткөн банктар аралык валюта аукциондорунун жыйынтыгы боюнча 2 миллион 315 миң долларлык бүтүмдөр түзүлдү. Бул тууралуу маалымат Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган.

Доллардын курсу сутка ичинде туруктуу болуп, 79,5 сом деңгээлинде сакталды. Мындай курс банктар аралык соодада бир аз өзгөрүү менен 24-майда белгиленген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>