Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Вашингтондо Кыргызстанга 389 млн доллар инвестиция тарткан келишимдерге кол коюлду
24.04.2025 | 15:59
АКШнын борбору Вашингтондо Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын жана Эл аралык валюта фондунун ортосунда Кыргызстандын экономикасынын негизги тармактарына инвестиция тартууга багытталган келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү (өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу механизмин кошпогондо) 389,31 миллион АКШ долларын түзөт. Бул каражаттарга аймактарды өнүктүрүүгө, саламаттыкты сактоону модернизациялоого, таза сууга жетүүгө, кичи жана орто бизнести колдоого, билим берүү системасын жакшыртууга жана энергетикалык инфраструктураны жаңылоого багытталган долбоорлор ишке ашырылары айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат