Кыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдөБишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна маданий борбордун курулушу башталды
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт
10.09.2024 | 10:10
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.
Ал келерки Көчмөндөр оюндары 2026-жылы өтө турганын белгиледи.
Эскерте кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары — Кыргызстандын эл аралык деңгээлдеги ири долбоору. Ал алгачкы жолу 2014-жылы Ысык-Көлдө өткөрүлгөн. II жана III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстанда 2016 жана 2018-жылы уюштурулган. Андаң соң Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү укугун Түркия алган. 2020-жылы боло турган Оюндар коронавирус пандемиясына байланыштуу эки жыл кечигип, 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөрүлгөн. Андан соң Түркия Көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын Казакстанга берген.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт