Видео: Бишкекте милиционер жол кире төлөөдөн баш тартты. ИИМдин түшүндүрмөсү

Видео: Бишкекте милиционер жол кире төлөөдөн баш тартты. ИИМдин түшүндүрмөсү

Соцтармактарга Бишкектеги автобустардын биринде милиция кызматкери жол кире төлөөдөн баш тартканы тартылган видео тарады. Видеодон көрүнгөндөй, айдоочу милиционерден жол кире төлөөнү талап кылып, болбосо автобус жылбай турганын айткан. Андан кийин милиционер автобустан түшүп кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматы аталган жагдай боюнча Reporter.kg’ге түшүндүрмө берди. Министрликтен билдиришкендей, «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесинин 22-пунктуна ылайык, милиционер кызматтык милдеттерин аткарып жатканда, коомдук унаанын бардык түрүнө (таксиден тышкары) акысыз түшүүгө укуктуу. Ал эми  милиционер формачан болгон учурда, кызматтык милдеттерин аткарып жүргөн болуп эсептелет жана кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп коомдук унаада акысыз жүрө алат.

«Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесинин 22-пункту:

Ошол эле учурда министрликтен белгилешкендей, аталган мыйзамга карабай, мэрия өзүнүн токтомунда коомдук транспортто акысыз жүрүүгө болгон жарандардын тизмесине милиция кызматкерлерин кошкон эмес. ИИМдин басма сөз кызматы Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзам мэриянын токтомунан өйдө турарын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>