Айга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөтАйтматов проспектисинде кире бериш жолдор ачылып, жаңы жолдор курулатБишкекте көп функционалдуу жаңы спорт комплекс ачылды
Видео: Казакстанда полиция унаасы бузулган кыргызстандык айдоочуга жардам берди
05.02.2023 | 22:50
Казакстанда полиция кызматкерлери жүк ташуучу унаасы бузулган кыргызстандык айдоочуга жардам беришти. Бул тууралуу Polisia.kz билдирди.
Маалым болгондой, 3-январга караган түнү Темирлан Ибраев жана Танат Дүйсенбаев аттуу полиция кызматкерлери, Астана – Петропавловск жолунун 94-чакырымында, Кыргызстандан Екатеринбургга бара жаткан 57 жаштагы кыргызстандык айдоочунун унаасы бузулуп калганын байкашкан: унаанын генераторунун куру үзүлүп кеткен.
“3-февраль күнү эртең менен полиция кызматкерлери айдоочуга бузулган тетикти алып келип берген. Айдоочу жардамга келген тартип сакчыларына ыраазычылыгын билдирип, сапарын улаган”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом