Видео: Кудалардын урушу ок атыш менен аяктаган. Эки айыпталуучуга өкүм чыкты

Видео: Кудалардын урушу ок атыш менен аяктаган. Эки айыпталуучуга өкүм чыкты

Бишкекте 2022-жылдагы ок атышуу менен коштолгон окуяга катышкан эки айыпталуучуга өкүм чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Жогорку соттон билдиришти.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 7-августта Бишкектин Каарман көчөсүндө Руслан (аты өзгөртүлдү, чыныгы аты жөнү А.Р.) аттуу жаран октон жараат алып ооруканага түшкөн.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон.

Окуянын чоо-жайы

Кийинчерээк ок жеп, ооруканага түшкөн Руслан мыйзамсыз курал алып жүргөнү аныкталап, ага Кылмыш кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү (Ок атуучу куралды мыйзмасыз алып жүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Сотто Руслан күнөөлүү деп табылып, 2023-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту ага 150 миң сом айыппул салган.

Соттук териштирүү учурунда ок атышуу менен коштолгон чырлуу окуянын чоо-жайы тууралуу айтылган. Окуя күнү Бишкекте кудалашуу болгон. Ага кыз менен жигит тараптан дос-туугандары келген. Бирок кыз менен жигиттин кээ бир туугандарынын ортосунда буга чейинки өз ара пикир келишпестиктери болгон. Той учурунда алар кайым айтышып, чырдаша кеткен. Чыр ырбап кетпеши үчүн туугандарынын өтүнүчү менен жигиттин эки жакыны (Руслан жана Ч.Ш.) кафеден кетип калган. Ошол эле учурда кыз тараптан келген үч адам (Геннадий К., Николай С., Лев С.) алардын артынан жөнөгөн.

Жыйынтыгында алар Бишкектин Каарман көчөсүндө жолугушуп, ортодогу чыр ок атышуу менен аяктаган. Руслан сан жагына октон жараат алып, ооруканага түшсө, Николай С., Лев С. жана Геннадий Каландаров издөөгө алынган.

Арадан дээрлик 1,5 жыл өткөндөн кийин 2024-жылдын январь айында издөөдө жүргөн Николай С., Лев С. кармалган.

Алардын иши Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралган. Reporter.kg’ге Жогорку сот билдиргендей, Николай С. менен Лев С. райондук сот тарабынан 130-берененин 2-бөлүгүнүн 15-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 6 жылга эркинен ажыратылган. Ошол эле учурда алар эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулуп, 3 жылга пробацияга чыгарылган. Кийин Бишкек шаардык сот менен Жогорку сот ал өкүмдү күчүндө калтырган.

Бул иш боюнча үчүнчү шектүү — Геннадий Каландаров кармала элек. Ал дагы деле издөөдө жүрөт.

Видео: Бишкекте кудалардын урушу ок атыш менен аяктаган. Издөөдө жүргөн «эки куда» кармалды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>