Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Виртуалдык активдер жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Эми майнинг менен алектенгендер каттоодон өтүүгө милдеттүү
20.01.2026 | 16:05

Кыргызстанда “Виртуалдык активдер жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Негизги өзгөртүүлөр:
- Мыйзамда “стейблкоин (stablecoin)” түшүнүгү такталды. Ошондой эле “реалдуу актив менен камсыздалган токен (RWA Token)”, “мамлекеттик майнинг” жана “мамлекеттик криптовалюта резерви” деген жаңы аныктамалар киргизилди.
- Президентке инновациялык технологияларды сыноо үчүн өлкөнүн айрым аймактарында белгилүү бир мөөнөткө пилоттук жөнгө салуу режимин белгилөө укугу берилди. Бул режимдин алкагында лицензиялоо жана уруксат берүүчү документтерди берүү иштерин ыйгарым укуктуу орган ишке ашырат.
- Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчү юридикалык жактар иш жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу органга лицензия алуу үчүн арыз бериши керек.
- Мындан тышкары, майнинг менен алектенген жеке ишкерлер жана юридикалык жактар милдеттүү түрдө каттоодон өтүүгө тийиш. Ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруу укугу каттоодон өтүп, сертификат алган күндөн тартып пайда болот.
Мыйзамга киргизилген жогорудагы өзгөртүүлөр виртуалдык активдер чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана рыноктун ачыктыгын камсыз кылууга багытталган.
Каржы министрлигинин маалыматында, 2025-жылдын январь-ноябрь айына карата майнингден 97 млн 290 миң 174 сом салык түшкөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом