«Яндекс Кыргызстан»: эми соттуулугу бар же жол эрежесин бузган айдоочулар ишке алынбайт

29.10.2025 | 13:01

«Яндекс Кыргызстан» ишканасынын жетекчиси Тилек Сулайманов Бишкекте брифинг өткөрүп, Reporter.kg‘нин кабарчысына такси айдоочуларына карата жарандардан түшүп жаткан нааразычылыктар тууралуу түшүндүрмө берди.

Сулаймановдун айтымында, ишканага айрым айдоочулар орой мамиле жасап, өзүн адепсиз алып жүргөндүгү жана унааны кооптуу айдагандыгы тууралуу кайрылуулар түшкөн.

Ал 2025-жылдын 19-февралынан тарта Кыргызстанда «Лицензиялык-уруксат берүү системасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө киргенин билдирди. Алар такси кызматын лицензиялоо тартибин камтыйт. Жаңы талаптар 2025-жылдын 20-августунан тарта ишке кирген.

Эми ар бир такси айдоочусу жыл сайын лицензия алуу үчүн бир катар документтерди тапшырууга милдеттүү. Алардын катарына медициналык №083 формасы кирет, анда айдоочунун психиатр жана наркологдон өткөндүгү тууралуу маалымкат болушу шарт.

Негизги өзгөрүү соттуулугу жок экендиги тууралуу маалымкат талап кылына баштагандыгы болду.

“Мурун мындай талап жок болчу, айдоочулук күбөлүк жана патент жетиштүү эле. Биз, ишкана катары, соттуулугу тууралуу маалым катты талап кылууга укугубуз жок болчу. Эми абал өзгөрөт: лицензия алуу үчүн айдоочу бул маалымкатты мамлекеттик органдарга тапшырууга милдеттүү. Эгер анын соттуулугу оор беренелер боюнча болсо, ал биздин таксиде иштей албайт”, – деди Сулайманов.

«Яндекс Кыргызстандын» жетекчиси ошондой эле ишкана туруктуу түрдө айдоочулардын айдоо стилин жана ылдамдык режимин көзөмөлдөөрүн билдирди.

“Эгер айдоочу жол эрежесин бузса же авариялык кырдаал жаратса, биз чара көрөбүз, заказдардын санын чектейбиз же текшерүү бүткөнгө чейин убактылуу иштен четтетебиз”, — деп түшүндүрдү ал.

Сулайманов белгилегендей, ишкана эрежелерди системалуу бузган же кардарлардан көп даттануу алган айдоочуларга «Яндекс Такси» колдонмосу аркылуу иштөөгө бул кызмат ишмердүүлүк жүргүзгөн эч бир өлкөдө уруксат бербейт.

Scroll to Top